Зууракан Кайназарова – эки жолку Социалдык эмгектин баатыры.
Кайназарова — үч Ленин орденинин, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн чоң медалынын ээси. Социалисттик айыл чарбасынын чебери Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат жана делегат болуп шайланган, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамга татыктуу болгон.
2 июнь 1902 жыл
Анын урматына эстелик бюст Эркиндик бульварында 1975-жылы орнотулган. Анын автору - скульптор Базарбек Сыдыков.
Эстеликтин автору Базарбек Сыдыков көптөгөн монументалдык эмгектердин автору. Анын айрым эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдү жеке галереяларында сакталып турат. "Бүркүтчү" жана "Темирлан" сериялары президенттик аппарат тарабынан чет элдик мамлекеттик ишмерлер үчүн сатылып алынган.