Эстелик мрамордон жасалган колуна ымыркайды көтөргөн аялдын элесин берет.
Бул эстеликтин түбүнө капсула салышкан, анын ичинде Пискарев көрүстөнүнөн алынган топурак сакталган.
Бул көрүстөн Санкт-Петербургда жайгашкан жана блокадачылар көмүлгөн.
2012 жыл
Асанов Даир Асанович - советтик артиллерист, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры, отставкадагы генерал-майор.
Бул эстелик “Газпром Нефть Азия” компаниясынын колдоосунда тургузулган жана Улуу Ата мекендик Согуштагы жеңиштин 67 жылдыгына арналган. Эстеликти тургузууга 20 миң доллар сарпталган.