Түштүк-2 кичи районундагы үйлөрдүн биринин фасады сүрөтчү-монументалист Жылдызбек Молдахматовго таандык “Гүлдөй бер, Кыргызстан” мозаикасы менен кооздолгон.
“Гүлдөй бер, Кыргызстан” мозаикасы Абдрахманов көчөсүндөгү районундагы үйлөрдүн биринин фасадынын көркүн чыгарып турат.
Үйдүн жашоочулары жарнама берүүчүлөрдүн сунуштарына карабастан, мозаиканы сактап калышкан, эми бул шаардагы белгилүү Мозаикалык паннонун бири.
Молдахматов өзү 1948-жылы 1-августта Фрунзе шаарында туулган. 1972-1990-жылдары КР көркөм фондунун сүрөтчү-монументалисти, 1986-1989-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү болгон.
Бишкек шаары, Кыргызстан
“Гүлдөй бер, Кыргызстан” мозаикасынан тышкары, ал Ош кыргыз драма театрынын, Ысык-Көлдөгү “Кыргыз деңизи” пансионатынын, Нарын музыкалык-драма театрынын, Бишкектеги Кыргыз циркинин интерьеринде жана экстерьеринде монументалдык-декоративдик иштерди жаратууга катышкан.