Кыргызстандын аймагында совет бийлиги орногондон кийин айрым православ чиркөөлөрү талкаланып же алардын имараттары башка максаттарга пайдаланылган.
Соборду куруу маселеси 1943-жылы көтөрүлгөн. Храм өнөр жай кеңешинин курулуп бүтө элек имаратынын ордуна курулган. Анын курулушуна ошол кездеги Ташкенттин жана Орто Азиянын епискобу Кирилл ыраазычылыгын берген. Имаратты кайра куруу 3 жылга созулуп, бул аралыкта чиркөөдөгү сыйынуулар ачык асман алдында өткөрүлгөн.
1944 жыл
Долбоордун авторлору В.В. Веружский жана А. Нежурин.
Совет бийлиги көптөгөн чиркөөлөрдү жапты, бирок айрым иконаларды сактап калууга мүмкүн болгон, алар азыркы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда коюлган. Бул иконалардын айрымдары XIX-кылымдын аягы жана ХХ-кылымдын башына таандык. Храмдын курулушу 1947-жылы аяктаган, бирок ал бир нече жолу калыбына келтирилген, кошумча курулган жана өзгөртүлгөн. Азыр храмдын алдында приходдук мектеп ачылып, 2007-жылдан бери иштеп жатат.