Сүймөнкул Чокморов
Curiosity about life in all its aspects, I think, is still the secret of great creative people.
1939 год
Село Чон-Таш
В этом году исполнилось бы 85 лет со дня рождения выдающегося гражданина Кыргызской Республики, Народного артиста СССР,
В этом году исполнилось бы 85 лет со дня рождения выдающегося гражданина Кыргызской Республики, Народного артиста СССР,

"Сүймөнкул Чокморовун"
Коомдук фонду

Быйыл Кыргыз Республикасынын чыгаан атуулу, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 85 жылдыгы белгиленмек.

Тилекке каршы, анын өмүрү өтө эле кыска болуп, киноактер жана сүрөтчү катары өзүнүн чыгармачылыгынын туу чокусуна жеткен кезде бул дүйнө менен кош айтышкан.


Кичинекей кезинен баштап сүрөт тартууга кызыгып, 1953-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, аны 1958-жылы бүтүрүп, андан соң И. Е. Репин атындагы Ленинград сүрөт, скультура жана архитектура институтунда окуган. Белгилүү Советтик баталист, СССРдин эл сүрөтчүсү Е. Е. Моисеенконун жетекчилиги астында 1964-жылы институтту ийгиликтүү аяктаган.

1939 жыл
Бул эстелик Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун демилгеси жана кыргызстандыктардан чогулган каражатка жасалган.

Айкелчи Азамат Абдрахманов.

Архитектор Нурсейит Мамбетказиев.
1964—1967-жылдары — Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайында сүрөт жана композиция мугалими болуп иштеген.



Ал сүрөтчү катары пейзаж, натюрморт, портрет – жалпысынан 400гө жакын жогорку профессионалдуу эмгектерди тарткан, алар учурда Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат. Анын моделдери — негизинен чыгармачыл адамдар: «С.Каралаевдин портрети» (1974), «Саякбай Каралаевге арноо» (1974), «Актёр Жумадылов» (1971),
Чон-Таш айылы



«Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү А.Жангорозованын портрети.” (1978), «Кыргызстан кинематографисттери» (1986), «Ардагер Садыбакастын портрети», жапон кинорежиссеру Акира Куросаванын (1987) жана актёр Тосиро Мифуненин, италиялык актриса Моника Виттинин портреттери, ошондой эле «Эне» (1967), «Уулум» (1972), «Курманжан Датка» (1988), «Айылдагы жаз» (1985), «Айылдагы таң» (1985) сүрөттөрү. Ал СССРдин Сүрөтчүлөр союзунун (1967), Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзунун (1974) мүчөсү болгон жана 1990-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү деген наам ыйгарылган.

*Сынактын жеңүүчүсү Азамат Абдрахманов жана сол жакта Сүймөнкул Чокморова атындагы фонддун башкармалыгынын төрагасы Сагынбек Абдрахманов.
* Эстутум үчүн сүрөт. Отургандар солдон оңго: Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов, Чокморов атындагы фонддун жооптуу катчысы Пусуров Камбар. Солдон оңго: Кыргыз Республикасынын эл асүрөтчүлөрү Сүйүтбек Төрөбеков, Таалайбек Усубалиев, Сүймөнкула Чокморова атындагы фонддун башкармалыгынын төрагасы Абдрахманов Сагынбек, Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов, Кыргыз конгрессинин Кыргызстандагы өкүлү Култаев Кадырптор, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Аскар Турумбеков, архитектор Нурсейит Мамбетказиев.
*Кыргыз Республикасынын эл артисттери С.Төрөбеков жана А.Османов. Чокморовдун эстелигинин гипстен жасалган бекитилген эскизинин талкуусу.
Сүймөнкул Чокморов 1967-жылы киного тартыла баштаган жана анын алгачкы башкы ролу Болот Шамшиевдин «Караш ашуусундагы атылган ок» аттуу жаркын тасмасында Бактыгулдун ролу болуп, киноактёрго популярдуулук жана атак-даңк алып келген. Кийинчерээк ал тарыхый жана укмуштуу окуялуу тасмаларда да, заманбап темадагы драмаларда да таланттуу ойногон. Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруусунда да фильмдерге көп тартылган.

1991- жылы Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердеги ролдорду жогорку кесипкөйлүк менен аткаргандыгы, кыргыз көркөм сүрөт искусствосун жана киносун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн адабият, искусство жана маданият жаатындагы Ч. Айтматов клубунун эл аралык сыйлыгы ыйгарылган.

Сүймөнкул Чокморов өмүр бою советтик атактуу режиссёрлордун «Караш ашуусундагы атылган ок» (1969), «Жамила (1969), «Атайын комиссар» (1970), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1972), «Отко таазим» (1972), «Жетинчи ок» (1972), «Мен Тянь-Шань» (1972), «Каардуу» (1973), «Дерсу Узала» (1975), « Кызыл алма» (1975), «Фердинанд Люстун өмүрү жана өлүмү» (1976), «Көздүн кареги» (1977), «Улан» (1977), «Эрте келген турналар» (1979), «Аялсыз эркектер» (1981), «Карышкырдын чуңкуру» (1983), «Жекшембидеги сейилдөө» (1984), «Биринчи» (1984), «Толкундар жээкте өлөт» (1985), «Жолой» (1978) сыяктуу он чакты тасмаларында башкы ролдорду жараткан.

«Караш ашуусундагы атылган ок», (1969), «Ысык - Көлдүн кызгалдактары» (1972), «Каардуу» (1970), «Аялсыз эркектер» (1982) тасмаларында эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн бир нече жолу Бүткүл союздук кинофестивалдардын дипломанты жана лауреаты болгон.

Ал 2000-жылы жыйырманчы кылымдагы Кыргызстандын мыкты актеру деп табылган.

Совет элинин образдарын таланттуу көркөм чагылдыргандыгы, жаштарды атуулдукка, эрдикке, Мекенди сүйүүгө тарбиялаган кино чыгармаларын жараткандыгы үчүн 1972 - жылы Ленин комсомолу сыйлыгы жана «Улан» тасмасында Азат Байрамовдун ролун аткаргандыгы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Сүймөнкул Чокморов Бүткүл союздук кинофестивалдарда 1972-жылы Тбилиси шаарында, 1974-жылы Баку шаарында, 1978-жылы Ереван шаарында, 1982-жылы Таллин шаарында «актердук эмгеги үчүн сыйлык» номинациясында төрт жолу сыйлыкка татыктуу болгон. Ал СССРдеги «мыкты эркектин ролу үчүн» Кинематографисттер союзунун дипломуна төрт жолу татыктуу болгон жалгыз актер болуп эсептелет.

«Караш ашуусундагы атылган ок» тасмасындагы дебюттук ролу үчүн Чокморов Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамдарын алган.
1981-жылы СССРдин Эл артисти болгон.
1990-жылы С.Чокморовго Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылган.

С.Чокморов советтик жана азиялык эле эмес, дүйнөлүк маанидеги кинематографиянын көрүнүктүү актерлорунун бири. Ал киного профессионал эмес, кино тартууда тажрыйбасы жок адам катары келгенине карабастан, ал түбөлүккө эң улуу устат бойдон калды.
Кезинде популярдуу кино артисти катары Европанын, Азиянын жана Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө советтик кино өнөрүн көрсөткөн.
Ал бала кезинде көп ооруган. Ооруну жеңүү үчүн спорт менен машыгып, волейбол ойногон. Ленинградда окуп жүргөндө волейбол боюнча спорт чебери болуп, шаардын студенттик командасында ойноп, мыкты оюнчулардын бири болгон. Кийинчерээк волейбол боюнча Кыргыз ССР курамасында да ойногон.


AR • UX/UI • AI • SOFT POWER DIGITAL • INFLUENCE • MEDIA • ХАЙП •
КУЛЬТУРА • КОЛЛАБОРАЦИИ • ВЫЗОВЫ • ЛЮБОВЬ • НАСЛЕДИЕ • ДОСТОЯНИЕ •
AR • UX/UI • AI • SOFT POWER DIGITAL • INFLUENCE • MEDIA • ХАЙП •
AR • UX/UI • AI • SOFT POWER DIGITAL • INFLUENCE • MEDIA • ХАЙП •
AR • UX/UI • AI • SOFT POWER DIGITAL • INFLUENCE • MEDIA • ХАЙП •
ИДЕИ • ИСКУССТВО • НАЦИОНАЛЬНОЕ САМОПОЗНАНИЕ • СОЗИДАНИЕ •
ИДЕИ • ИСКУССТВО • НАЦИОНАЛЬНОЕ САМОПОЗНАНИЕ • СОЗИДАНИЕ •
ИДЕИ • ИСКУССТВО • НАЦИОНАЛЬНОЕ САМОПОЗНАНИЕ • СОЗИДАНИЕ •
ИДЕИ • ИСКУССТВО • НАЦИОНАЛЬНОЕ САМОПОЗНАНИЕ • СОЗИДАНИЕ •
КУЛЬТУРА • КОЛЛАБОРАЦИИ • ВЫЗОВЫ • ЛЮБОВЬ • НАСЛЕДИЕ • ДОСТОЯНИЕ •
КУЛЬТУРА • КОЛЛАБОРАЦИИ • ВЫЗОВЫ • ЛЮБОВЬ • НАСЛЕДИЕ • ДОСТОЯНИЕ •
КУЛЬТУРА • КОЛЛАБОРАЦИИ • ВЫЗОВЫ • ЛЮБОВЬ • НАСЛЕДИЕ • ДОСТОЯНИЕ •
Заполните форму
чтобы стать частью
нашей команды
Если ты хочешь творить вместе с ILGERI, то мы рады единомышленникам